Портал О нас Контакты
IMG-LOGO
Главная Экономика Кара-Балта мамлекеттик спирт заводу өз ишин кайрадан жандантты

Кара-Балта мамлекеттик спирт заводу өз ишин кайрадан жандантты

11:46, 08 авг 2020 Экономика 70 0 1 0
IMG

Беш жылдан бери иштебей, токтоп турган Кара-Балта мамлекеттик спирт заводу иши кайрадан жандантты. Ишкана мурдагы калыбында иштесе, казынага 300 миллион сомго чейин каражат түшөт. Бул мамлекет тарабынан өндүрүштү кайрадан жандырып, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу максатында жасалып жаткан иштин натыйжасы.

Кыргызстан Орусиянын “Татспиртпром” мамлекеттик ишканасы менен кызматташып, иш баштоодо. Анын үстүнө КМШ мамлекеттеринин ичинен ата мекендик спирттин сапаты жогору деп бааланган. Эки тараптуу кызматташтыктын негизги максаты да Кара-Балта мамлекеттик спирт заводунун ишин жандантуу болгон. Беш жылдан бери иштебей, токтоп турган завод карызга да баткан. Бересесинин суммасы азыр 27 миллион сомдон ашыгыраак.

Экинчи жагы “Балыкчы Алко Трейд” ишканасынын өндүрүшү кеңеет. Себеби ишкана буга чейин 10гана кубаттуулукта иштеп жаткан. Эгер ишкана толук кубаттулукта иштей баштаса 600 миң декалитр арак чыгарууга жетишет.

 

Ваша оценка:

Оставить комментарий